“Чычкак генерал” Сыймык Жапыкеев «кидала» болдубу?

0 409

Алгач “Чоң казат” партиясын серепчи Турат Акимов негиздеп, ээси катары белгилүү эле. Бул саясый күчкө кайсы бир себептер менен Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеевдер киришип, кийин алдыңкы планга чыгышканы белгилүү. “Чоң казаттын” аты менен “кухнядан” баатыр сыңарындай элге таанылышканын кайталабай эле коёлу. Кызыгы, Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Жапыкеев жогорку кызматтарга келип, татыктуу болбосо да бийликтин колдоосу менен генералдык чин алды. Ал жетектеген финпол милдетин так аткара албагандыктан жоюлуп, ал эптеп эбин таап Ысык-Көлгө прокурор болуп кеткен. Тилекке каршы, бул “маскарапоз” облуска кантип прокурор болсун деп аны кызматкерлер кабыл албай коюшту.

- Реклама -

Анан эле Бишкекке учуп келип арыз-муңун бийликке айтат. Башкы прокуратурадан  коңгуроо келип, бир облусту эптей албасаң арызыңды жазып кетип калчы дептир. Ошол болду барып Райымбек Матраимовго таандык медиадан бийликти сындамыш болуп, андан кийин арызын жазып кетти. Бул дегени бийликти сындап коюп, келише албай кеттим дегени. Оозуна талкан салып отурган бул Сыймык эми болсо Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Текебаевге жолукканын, өзүн-өзү сүрөткө тарттырып, мына деп бийликке сигнал бергиси бар. Ушинтип саясат жасамакчы имиш бул “чычкак генерал”. Эки жүздүүлүк кылуу аягы жакшылыкка алып барбасын бул билбейби?

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.