Бактыгүл Иманбек кызы: Садыр Жапаровду 2032-жылга чейин президент кылып шайлап алабыз…

0 1 174

Биздин Президент Садыр Жапаров
….
Бир эле мөөнөт эмес, Жанар айткандай 2032-жылга чейин президент кылып шайлап алабыз…
Ооба, силер канчалык тырмышып, жан далбастап жамандаган сайын, эл ошончолук жабышып актап, ал тургай мактап турат…
Анткени ааламдын көмүскө сыры ошондой!
Садыр Жапаровдун азыр эле кетишин күтүп жүргөн алтымыштагы чыр башың ылайым токсонго чыксаң экен!
Көөп жаша…
Көптөгөн иштерине күбө бол….
Сенсиреп азыр сөгүп турган отуздагың, ылайым ошол күндү зарыга күтүп жүрүп алтымышка чык!
Өнүктүрөм деген сөздүн, ишке ашуусуна өз көзүң менен күбө бол!
Бежилдеп сынабай, жардам бергендин оордуна келип келе элек президентти кет деген кандай немесиңер?!
Эч кандай, эч жака кетпейт!
Бийлик башчысы жакпаса, кеткиле өзүңөр бийликтен!
Эмне жүрөсүңөр анда, жанында?
Тегеректеп….
Эрин ар кимге жамандап же жамандаганга жараша, кетип калбай эрине жабышып жашаган жаман аялдай болбой кеткиле да!!!
Же жөн иштешкиле!!!
Аа баса…
Төмөнкү сүрөттөрдү барактап, жакшылап карап көзүңөрдү көндүрүп, ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ НУРГОЖОЕВИЧ деген силерге өтө эле оор тийген, ачуу чындыкты кабыл алып демиңерди баскыла, ээликпей.
Бир эмес үч мөөнөттүк ПРЕЗИДЕНТ турат кашыңарда!
Каңкылдап үргөн кабанаак ит да бир күнү болбосо бир күнү таш менен башка жейт!
Элдин кыжырын кайнатпай жөн оокатыңарды кылгыла!
Биз да азыр силердин маскара оюнуңардан тажап турабыз!
Иштейм деп келген, иштеп жатат!
Кудайдын куттуу күнү үч ирет отчёт берип жатат, кудайдын куттуу күнү он башка тармакты кабыл алып жатат!
Силер көзүңөрдү ушалап жаңы гана турганда Садыр Жапаров эбак ондогон ишти баштап салган болот…
Же калппы?
Көргүңөр келбейт билебиз, уккуңар келбейт белгилүү.
А бирок эл көрүп турат да баарын!
Мурункудай теледеги эки канал, аптада эки чыккан он гезиттин заманы эмес азыр!!!
Калпты чынга койгулап койсо эл ээрчип кетпейт азыр!
Эл силерден сурабай эле, силердин жардамыңарсыз эле баарын билип алчу заман азыр!!!
Андыктан….
Силер жамандаган сайын «Садыр балам» деп энелер жалбарып, бата артынан бата берип алакан жайып жатат!
Силер жамандаган сайын «Садыр жигиттин жигити» деп аталар сүрөп жатат…
Силер жамандаган сайын биз да оокатыбызды таштап коюп колдоп отурабыз!
Жамандап төңкөрүп салам деген сайын президенттин колдоосу бир баскычка оболоп жатат, эгер билген болсоңор!
Элге Садыр Жапаров эмей эле, силер жаман көрүнүп бүттүңөр, чын чынында…
… мээңер дале ушуга жетпесе, анда дагы да жамандап тургула…
….ошо, жамандап жатып Садыр Жапаровду өз колуңар менен отуз жылдык ХАН көтөрүп алсаңар экен ылайым…

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.