Асхаттын өмүрү коркунучтабы? «Чоң Казатчылар» Асхат Осмоновдон коркутуп жатышабы?

0 193

Максат Мамыткановдун жанындагы адамдары мага моралдык жактан күч көрсөтүштү. Бул тууралуу мэриянын кызматкери Асхат Осмонов өзү билдирди.

https://www.facebook.com/100044908037761/videos/297074348466164/?t=239

Анын айтымында, ал азыр ооруканада даарыланып жатат.

- Реклама -

«Октябрь окуяларынан кийин 20 күн ооруканада даарыланып чыккам. Андан кийин шаардык мэрияда иштеп жүрдүм. «Душманды алыстан издебе» дегендей ал жерде дагы ич ара конфликтер болуп стресске кабылып, көп кыйналып жүрдүм.

Максат Мамыткановдун жанында жүргөн жан-жөөкөрлөрү мени моралдык жактан басынтып жатышты. Бирок, мен аларды жакын көрүп, ар дайым бирге иш алып барууга даяр болчумун», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин Асхат Осмонов экс-вице-премьер министр Максат Мамыткановдон карызын доолап чыккан болчу.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.