Кыргыз тарап Ворух анклавына Лейлек же Баткен районунун алмашууну сунуштады

0 402

Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавынын айланасындагы маселелерди чечүү үчүн Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен жерди алмаштырууну Тажикстанга сунуштаганы маалым болду.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы басма сөз жыйынында Тажикстан менен чек ара көйгөйүн чечүү аракеттери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, азыр Ворух анклавы негизги маселе болуп жатат. Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылдарында жашагандар Ворух анклавына байланышкан маселе чечилсе чыңалуу кыйла жеңилдеп, чыр-чатактар кыскармак деген ойдо. Ал үмүттүн ишке ашуусунан күмөн санагандар да бар.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, Тажикстанга Ворух анклавы боюнча эки сунуш берилди:

- Реклама -

«Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анлавы. Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Экинчи сунушубуз — аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук. Бирок азырынча коңшу мамлекеттен жооп келе элек».

Тажикстан тарап бул сунушка расмий жооп бере элек. Бирок социалдык тармактарда ар кандай талкуулар күчөдү. Тажикстандык интернет колдонуучулардын көпчүлүгү бул сунуш ишке ашпай турганын айтып жатышат. Чек ара көйгөйүн чечүү үчүн ылайыктуу жерди алмаштыруу керектигин айткандар да бар.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эми чек арай боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү Бишкекте өтөт.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.