-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Экстремизмге каршы мыйзам долбоору кайра жазылды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Ички иштер министрлиги экстремизмге каршы мыйзам долбоорун кайра жазып, коомдук талкууга чыгарды. Мыйзам долбоорунда экстремизм деп кайсы аракеттер аныкталары жазылган. Долбоордун бардык жоболору жазык-укуктук блоктогу кодекстердин жаңы редакцияларына жана Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясына ылайык келтирилген. Айрым укук коргоочу уюмдар мыйзам долбоорун жазууда алар берген сунуш-пикирлер эске алынбай калганын айтууда.

Жаңы мыйзам долбоорунда экстремизм идеология катары сыпатталууда. Эгерде азыр экстремизм деп өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирүүгө багытталган топтордун, уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын иш-аракеттери деп бааланса, Ички иштер министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорунда экстремизм идеология катары жазылган.

Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорунун негиздемесинде экстремизм менен күрөшүүдө эл аралык жана заманбап ыкмалар зарыл экенин белгилеп, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгү байкалып жатканын билдирген.

“Азыркы учурда өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган саясий, экономикалык, криминалдык, конституциялык түзүлүштүн негиздерин бузууга чейинки башка кызыкчылыктарды жана максаттарды көздөгөн деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын ишмердиги байкалууда”, — деп айтылат баяндамада.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь