-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Россияда чет элдик жарандарга көзөмөл күчөтүлдү

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

29-декабрдан тарта күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, сырттан келген чет элдик жарандар 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Андан кийин алар милдеттүү түрдө манжа изин каттоодон өткөрүшү шарт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, анда жарандар фтизиатрдын, дерматовенерологдун, инфекционисттин, терапевттин, психиатр-наркологдун кароосунан өтүшү керек экени  эскертилет.

Жарандар манжа изин бир гана жолу тапшырышат, ал эми медициналык кароодон Росссия аймагына кирген сайын өтүүгө тийиш.

Мигранттар манжа изин каттатуу үчүн ИИМдин жергиликтүү башкармалыктарына, паспорт-виза кызматына же Москвадагы көп миграция борборуна кайрыла алат.  Бул үчүн чет элдик жарандар медициналык текшерүүдөн өткөнүн тастыктаган маалым катын ала барууга тийиш. Паспортун дагы ала барышы абзел.

Бул мыйзамга Россиядагы бизнес чөйрөсү каршы чыкты. Мисалы, Германия-Россия соода палатасы мындай жаңы мыйзамга нааразы.

Буга чейин АКШ элчиси Жейсон Ребхольц мыйзамдын “ксенофобдук” мүнөзү бар экенин жана ал Россияда жашаган чет элдиктердин жашоосун оорлоторун айткан.

 Ал эми Германиянын журналисттер биримдигинин өкүлү Мика Бойстер чет элдик журналисттердин саламаттыгы менен орус өкмөтүнүн эмне иши бар деген суроо койгон.

Владимир Путин ушул жылы жайында кол койгон бул документ өлкөдөгү сан-эпид кырдаалды жакшыртуу үчүн кабыл алынып жатат деп түшүндүрүлгөн. Мыйзам саламаттык үчүн эмес, көбүрөөк басынтуу үчүн багытталгандай деп сындалып жатат.

Россиянын чабал саламаттыкты сактоо тармагы тууралуу тынчсыздануулар менен катар жарандардын жеке мааалыматынын купуялуулугу тууралуу дагы суроолор чыкты.

Чет элдик жарандар канын тапшырып, рентгенден эле эмес, компьютердик томографиядан да өтүшү керек болот. Ал эми мигранттар Москвадан 80 чакырым алыстыктагы Сахаров борборунда гана анализ бере алышат.

Ал тапта ооруканаларда коронавирус менен күрөш жүрүп, шаршембиге карата 923 адамдан бул вирустан каза тапты.

Россияда, расмий маалыматтар боюнча 600 миңден ашуун кыргыз мигранттары бар. Чынында алар саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Буга чейин Коопсуздук Кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев миграциялык чөйрөдө көзөмөлдү күчөтүүнү демилгелеген. Ал эми Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Александр Бастрыкин келгин мигранттардын баарын геномдук каттоодон өткөрүү керек деп айткан.

“Мындай чара миграциялык процесстерге көзөмөлдү күчөтүп, биздин эмгек рынокко криминалдык өкүлдөрдүн киришине кошумча барьер болот. Тартип органдарына алар тарабынан жасалган кылмыштын бетин бат ачууга көмөк болот», — деп Бастрыкин Интерфакска интервью берип жатып айткан.

Жакында эле “Справедливая Россия — За правду» Сергей Миронов орус бийлигинен Борбор Азия өлкөлөрү менен визалык режимди киргизүү тууралуу талап кылган.

Бул тууралуу партия өз билдирүүсүндө деген жүйөөлөрдү келтирет: “ Кеп миграция дестабилдештирген криминогендүү фактор болуп жатканында эле эмес. Биз ошондой эле Россияга коронавирустун жаңы штаммдарынын кирүү мүмкүнчүлүгүн болушунча азайтышыбыз керек».

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь