Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

“Былтыр пандемия маалында дары-дармектердин, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы өскөн. Эми көмүрдүн баасы кымбаттап бара жатат. Андыктан, чайкоочулукка жол бербей, Министрлер кабинети абалды көзөмөлдөшү керек”, – деди Тазабек Икрамов.  

Ал эми депутат Айбек Осмонов Ош шаарындагы Жапалак айылындагы арматура заводу иштетилбесин деген чечимге карабай, иштеп жатканын белгилеп: “Жергиликтүү эл каршы болууда. Андыктан тиешелүү эксперттер барып, ишкананы текшерсин. Коопсуз болсо иштесин, элге зыян болсо токтотулсун”, – деди.

Ошондой эле депутат Рыскелди Момбеков күз-кыш мезгилине карата даярдыкты биз август айында эле карашыбыз керек болчу деген пикирин айтып: “Эми даярдыкты эмес, чабалдыкты карашыбыз зарыл. Бир-эки күн суук болгондо эле даярдыктын нөл экени билинди. Болот деген суу болгон жок, толот деген Токтогул толгон жок. Ал тургай эл сатып алганга көмүр таппай жатат”, – деп кошумчалады.