Күч органдарындагы айрым жетекчилер кайсы генералдын соңку кадамына кыжырданып атышат? Бул боюнча өздүк булагыбыз кабарлады… Дегенибиз, Бишкек шаарынын Октябрь районунан, бир мандаттуу округдан Мелис Турганбаев талапкерлигин парламент депутаттыгына көрсөтүп чыкпадыбы. Кокого сайылчу кылкандайбы? Айтор, көшөгө артынан чалып жыгуу ишараты байкалып, бир топ иштер боюнча иликтөөлөр башталганы ыраспы? Убагында Мелис Турганбаев ЖАМКны жетектеп турганда, Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгуу убактысы келсе да, мыйзамды бузуу менен түрмөдө кармаганы талкууга алынган кербези. Ушул өңүттөгү маселени кайсы тараптагылар көтөргөнү калышты? Унутулуп калган бул ишке баа беришип, юридикалык жагына басым жасашып, укук бузуу таризинде алып чыгышабы? Балким Садыр Жапаров айкөлдүк кылып, кечирип коёбу? Же мыйзамдын тилинде сүйлөшөбү? Азырынча ишти көтөрө тургандар күтүп жатышыптыр… 

“Азия Ньюс” гезити