Орусияга коңшу өлкөлөрдөн курулуш тармагына иштегени барган эмгек мигранттары үчүн кесиптик деңгээлин аныктаган атайын сынактар киргизилет.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги маалымдады. Улуттук курулушчулар биримдигинин президенти Антон Глушков 2021-жылдын аягына чейин Тажикстан менен Беларустан барган мигранттардан сынак алуу толук кандуу ишке кирерин айткан.

Өзбекстандын Эмгек жана эмгек мамилелери министрлиги менен сентябрь айынын аягында Орусиялык курулушчулар биримдиги ушул келишимге кол койгон. Сынактар ноябрь айынан тарта башталат.

Глушковдун айтымында Орусиядагы курулушта иштегендердин 80% Өзбекстан, Тажикстан, Беларус жана Кыргызстандан баргандар. Атайын сынак кийин Кыргызстандын атуулдарына да сунушталышы мүмкүн.

Орусияда Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын расмий саны 600 миңден ашуун деп айтылып келет. Бейрасмий эсеп боюнча, бир миллиондон ашуун кыргызстандык жарандар Орусияда курулуш, тейлөө тармагында эмгектенет.