34

Турнирге 350дөн ашык бодибилдинг жана 150 спорттук делегация катышты

Кыргызстандык спортчу Ильясхан Умаралиев бодибилдинг жана физикалык спорт боюнча Дүйнө чемпиондугунда 100 килограммга чейинки эркектер арасында BB категориясында үчүнчү орунду ээледи.

Турнир WBPF федерациясынын колдоосу астында Ташкентте өттү.

Мелдешке 350дөн ашык бодибилдинг жана 150 спорттук делегация катышты.

Белгилей кетсек, Ильясхан Умаралиев 28 жашта. Ал Кыргыз Республикасынын чемпиону жана дүйнө чемпионатынын медалынын ээси.

Булак:vesti.kg