-2.9 C
Бишкек
Воскресенье, 23 января, 2022

Facebook, Instagram жана WhatsApp’тын иши дүйнө жүзү бою үзгүлтүккө учурады 

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Facebook, Instagram социалдык тармактары жана WhatsApp мессенджери (бардыгы Facebook корпорациясына таандык) дүйшөмбү күнү түштөн кийин ири үзгүлтүккө учурады. Бул акыркы жылдардагы эң чоң деп бааланган учур. Социалдык тармактар жана мессенджер көпчүлүк колдонуучуларга беш сааттан ашык жеткиликсиз болуп турду.

Социалдык тармактар жана WhatsApp иштебей калганы тууралуу алгачкылардан болуп АКШ, Батыш Европа жана Орусиянын колдонуучулары коңгуроо кагышкан. Аталган сайттардын тиркемелери да иштен чыккан.

Көйгөй саат кечки тогуздарда башталган. Корпорация маселени чечип жатышканын билдир. Анын себептери азырынча расмий түрдө жарыялана элек.

WhatsAppтын өкүлү NBCге билдиргендей, компаниянын кеңсесинде «электрондук почтадан башка эч нерсе иштебей калган».

“Бир катар көрсөтмөлөргө ылайык, DNS, домендик аталыштар системасында көйгөйлөр болгон. Колдонуучуларга Facebook.com же Instagram.comду кантип табууну айтып турган DNS жазуулары бүгүн эртең менен глобалдык маршруттардан өчүрүлдү”, — деп жазат Брайан Кребс, The Independent басылмасынан.

Facebook, Instagram жана WhatsApp түнкү саат 3төр чамасында акырындан оңоло баштаган. Бирок айрым аймактарда ал дагы деле иштебей турушу толук ыктымал.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь