-2.9 C
Бишкек
Суббота, 22 января, 2022

Депутат Саматбек Ибраевге нааразы болгондор пикетке чыгышты

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Парламенттин депутаты Саматбек Ибраевге жана анын үй-бүлөсүнө алданганын айткан кишилер 4-октябрда пикетке чыгышты. Ондон ашуун адам Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулушту. Колдоруна «Ибраев Самат, акчабызды кайрып бер!», «Президент мырза, жардам бериңиз!» деген жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышты.

Алар Ибраевдердин үй-бүлөсү баш-аягы 35 млн. доллар карыз экенин билдирип, аласасы бар кишилердин бир бөлүгү гана пикетке чыкканын айтышты.

Саматбек Ибраев — КСДП фракциясынан депутат. Улуттук банкка байланыштуу мыйзамды өзгөртүү, «финансылык шылуун» катары мүнөздөлгөн орусиялык Владимир Фролов менен кызматташуу боюнча соңку күндөрү анын аты тез-тез атала баштады.

Анын уулу Данияр Ибраевге 2019-жылы ири суммадагы каражатка байланышкан алдамчылык ишине байланыштуу эл аралык издөө жарыяланганы кабарланган.

«Азаттык» азырынча депутатка байланышып, өзүнө жана үй-бүлөсүнө байланыштуу финансылык маселелерге азырынча комментарий ала алган жок.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь