-2.9 C
Бишкек
Суббота, 22 января, 2022

Adidas компаниясынын мурдагы кожоюну дүйнөдөн кайтты

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Adidas компаниясынын мурдагы кожоюну, ишкер жана саясатчы Бернар Тапи 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмүнө рак оорусу себеп болгону айтылууда.

Тапи 1943-жылы Францияда туулган. Автожарыш менен алектенип, авариядан кийин спорттон кетүүгө аргасыз болгон. 1967-жылы банкрот болуп калган уюмдар менен иштеген компанияны негиздеген.

1986-жылы «Олимпик Марсель» футбол клубун символикалуу 1 франкка сатып алып, ийгиликке жеткирген. Ал ээлик кылып турган 1986-1994 жылдары клуб төрт жолу Франциянын чемпиону болуп, Чемпиондор Лигасында да ийгиликтерге жетишкен.

1990-1993-жылдары Adidas компаниясын жетектеп турган.

2000-жылдарга чейин саясатка аралашып, Франциядагы солчул радикал партиянын мүчөсү, Улуттук жыйындын депутаты болгон. 1994-1997-жылдары Европарламенттин депутаты болгон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон билдирүүсүндө: «Бернар Тапинин амбициясы, энергиясы жана энтузиазмы француздарга дем берген»,-деп белгиледи.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь