0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Шайлоо-2021: 63 киши өзүн-өзү көрсөтүп, арыз тапшырды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 1-октябрга карата 63кө жетти. Жаңы арыз тапшыргандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамабевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев, адвокат Канат Хасанов жана башкалар бар.

Арыз тапшыргандардын бардыгы өзүн-өзү көрсөткөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады. Боршайком арыз тапшыргандардын тизмесин расмий сайтына жарыялады.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (КЕ)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь