-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

ТИМ: 750 миңдей кыргызстандык жаран миграцияда жүрөт

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Ушул тапта 750 миң чамалуу кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин жетекчиси Таштанбек Каймазаров билдирди.

Ал 30-сентябрда миграция боюнча эл аралык уюмдар менен чогуу өткөн жыйында кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Орусияга, Түркияга жана Казакстанга кетип жатканын белгиледи. Каймазаровдун айтуусунда, бүгүнкү күнү миграция — элет калкы үчүн жашоосун жакшыртып, социалдык макамын көтөрүүгө жалгыз мүмкүнчүлүк.

Эл аралык миграция уюму сурамжылоолор учурунда мигранттардын 35% экономикалык абалын жакшыртуу үчүн миграцияга кетип жатканын айтышканын билдирүүдө. 16% карьера үчүн, 13% үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу өлкөдөн кетип жатканын айтышкан.

Уюмдун иликтөөсүндө Кыргызстандагы миграция агымынын күч алышына өлкөдөгү саясий, экономикалык, демографиялык процесстер жана COVID-19 таасир бергени тууралуу айтылган.

Бейрасмий маалыматтар боюнча учурда чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 1 млн. ашуун. Алардын басымдуу бөлүгү — Орусияда.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанга чет жактан жалпы 2 млрд. 377 млн. доллар жөнөтүлгөн. Мунун 90% Орусиядан которулган. (ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь