-5.9 C
Бишкек
Суббота, 22 января, 2022

Ошто 15 жаштагы кыз көз жарганы 40 күндөн кийин белгилүү болду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Ош шаарында 15 жаштагы кыз 2021-жылдын 19-августунда эжесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен төрөтканага барып көз жарган.

Анын жашы жете элек өспүрүм экени 29-сентябрда баласына документ алганы келгенде аныкталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева кабарлады.

“Кыз төрөгөнү келгенде туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө 2002-жылкы деп турган. Уул төрөп, ооруканадан баласына документ албай чыккан. 29-сентябрда мен да Ошто иш сапарда жүрүп, бул окуяга өзүм күбө болдум. Кыздын энеси балага документ алганы төрөтканага келип, анын 2006-жылкы кызы 2002-жылкы кызынын документи менен келип төрөгөнүн билдирген. Биз дароо ички иштер органдарына кабар берип, териштирүү башталды. Төрөткана аялдарга чукул жардам берип, төрөтөт. Анын кандай шартта кош бойлуу болуп калганын ички иштер органдары териштирет”., — Раиса Асылбашева.

Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Дамира Ташмаматованын айтымында, көз жарган кыз салмагы 3,8 кг. уул төрөгөн.

Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында кош бойлуулук көбөйүп жатканын адистер айтып келет. 2018-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки 554, 2015-жылы 1060 өспүрүм кыз көз жарган. (BCh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь