-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Мэрия айдоочунун орой мамилесине кабылган келинди издеп жатат

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бишкек шаарында коляскасы менен турган эне-баланы салбай кеткен 203-маршрутканын айдоочусуна «Бузуулар жөнүндө» кодекске ылайык 11,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мындан сырткары 203-каттамды тейлеген фирма 13 миң сом айып төлөмөй болду.

Ошондой эле, мэрия коомдук транспорттордун айдоочуларына кайрылып, жүргүнчүлөргө сый мамиле кылууну, жол эрежесин сактап, унаанын салонун таза жана тыкан алып жүрүүнү эскерткен. Болбосо чара көрүлөөрү айтылган.

Мэрия учурда айдоочунун орой мамилесине туш болгон келинди издеп жатат.

Шаардагы 203-машрутканын айдоочусу баласын ээрчиткен аялды маршруткага салбай кеткен видео социалдык тармактарга тараган. Анда айдоочу «коляска үчүн төлөйм» дегенине карабай маршруткага түшүп бараткан жүргүнчүнү наристе кызы менен сыртка түртүп чыгарып салган. Бул көрүнүш коомчулуктун сынына кабылган.

Ушундан кийин Бишкек шаардык Транспорт башкармалыгы бул окуяны териштирүү үчүн ушул каттамды тейлеген «Бригадалар кеңеши» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчисин чакырган.

30-сентябрда Бишкек милициясы айдоочу кармалганын билдирген. Ал өзүнүн аракети боюнча түшүндүрмө берип, жалпы коомчулуктан жана келинден кечирим сураган. Мэриянын басма сөз кызматынын маалымдашынча, аялга орой мамиле кылган киши иштен айдалып, айдоочулардын «кара тизмесине» киргизилди.

Кайгуул кызматы 203-маршруттук каттамдын жалпы бригадасын текшерүүгө алып, техникалык бузууларга байланыштуу эки протокол түзүп, 10 миң сом өлчөмүндө айып салды. (КЕ)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь