-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Мамлекеттик макамдагы «Манас» театры түптөлдү

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлдү. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу театрдын жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулу «Азаттыкка» кабарлады.

Анын айтымында, театрдын уставы 30-сентябрда иштелип чыккан. “Манас” театрынын ишмердиги үчүн борбордогу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынан кеңсе бөлүнүп берилди.

Буга чейин 25-сентябрда Бишкекте өткөн дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын жабылуу аземинде “Манас” театры түзүлгөндүгү жарыяланып, театрдын жетекчиси катары манасчы Азиз Биймырза уулу тааныштырылган.

Биймырза уулуна театр үчүн президент тарабынан 500 миң сомдук сертификат тапшырылган.

2021-жылдын 22-сентябрындагы №179 токтомго ылайык “Манас” театрынын каржы булагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. (MZh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь