-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Кыргызстан Ирактан алынып келген балдардын реинтеграциясы үчүн ЕККУдан колдоо сурады

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Австрияга жасаган иш сапарынын алкагында 30-сентябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Хелга Мария Шмидт менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда эл аралык коопсуздук күн тартиби, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү, Ооганстандагы окуялардын Борбор Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасири жана чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды колдоо тууралуу сөз болгон.

Казакбаев өкмөттүн Ирактан кыргыз жарандарынын 79 баласын кайтаруу боюнча ийгиликтүү иштери тууралуу маалымат берип, репатриация жана реинтеграция боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүдө ЕККУдан колдоо сурады.

Быйыл март айында 79 кыргызстандык бала «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кайтарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

2019-жылы кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө аракет кыла баштаган. Ошол кездеги тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ага ылайык, өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бирок Сириядан жарандарды алып келүү кечеңдеп жатат. (КЕ)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь