0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Канатбек Маматов Кыргыз футбол бирлигинин башчылыгынан кетет

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргыз футбол бирлиги уюмунун президенти Канатбек Маматов өзү жазган арызынынын негизинде кызматтан кетет. Аталган уюмдун расмий сайтындагы маалыматка караганда, бул маселеге байланыштуу аткаруу комитетинин мүчөлөрү 11-октябрда конгресске чогулат.

Канатбек Маматов Кыргыз футбол бирлиги (ред. мурдагы аталышы Кыргызстандын футбол федерациясы) уюмуна 2019-жылдын 9-февралында төрт жылдык мөөнөткө шайланган. Ал мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган Семетей Султановдун ордуна келген.

Буга чейин Маматов футбол федерациясынын вице-президенти болуп эмгектенген. Ал 1998-жылы ОшМУнун Дене тарбия кафедрасын жетектеген. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Жогорку Кеңеште фракция лидеринин жардамчысы болуп иштеген. 1995-жылдан 2004-жылга чейин Кыргызстандын «Динамо» (Ош), «Алдиер», «Жаштык-Ак-Алтын», «Алай» клубдарында жана Индиянын Ист Бенгал, Хал клубдарында ойногон. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирген.

«Азаттыктын» ишенимдүү булактары Канатбек Маматовду Райымбек Матраимовдун жакын досторунун бири катары сыпатташат.

Ал Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаева менен бирге «АвтоСТОлица» компаниясына ээлик кылган. «АвтоСТОлица» 2017-жылдын декабрына чейин Хабибула Абдукадырдын «АКА Иммобилиен» компаниясына таандык болгон. (ECh/KE)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь