Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 96 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 284, Алматы шаарында – 498, Шымкент шаарында – 79 Акмоло облусунда – 50, Актөбе облусунда – 97, Алматы облусунда – 233, Атырау облусунда – 68, Чыгыш-Казакстан облусунда – 124, Жамбыл облусунда – 53, Батыш-Казакстан облусунда – 57, Караганда облусунда – 120, Костанай облусунда – 108, Кызылорда облусунда – 56, Мангистау облусунда – 19, Павлодар облусунда – 130, Түндүк-Казакстан облусунда – 70, Түркстан облусунда – 50 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 886 миң 982 адам коронавирус жуктурган.