-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Айсулуу Кудайбердиева кайрадан УКМКга суракка чакырылды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) кайрадан суракка чакырылганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал мурунку жолу суракка келгенде тергөөчү алып калган телефонун алуу үчүн келгенин айтты. Бирок анын ичинде эмне бар экенин көрсөтүшү керек.

Айсулуу Кудайбердиеванын суракка чакырылганы тууралуу УКМК азырынча маалымат бере элек. «Азаттык» маалымат сурап атайын кызматка кайрылды.

Айсулуу Кудайбердиева 29-сентябрда УКМКда эки сааттай суракка алынган. Атайын кызматка сурак бергенин Кудайбердиева «Фейсбук» баракчасына жазган.

29-сентябрда атайын кызматтын өкүлдөрү Айсулуу Кудайбердиеванын үйүн тинтиген.

Соңку президенттик шайлоодо талапкер Равшан Жээнбековдун штабында иштеген Кудайбердиева социалдык тармактарды активдүү колдонот.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет. (ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь