-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Укук коргоочу Валентина Чупик Украинадан баш калка сурады

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

25-сентябрдан бери Москванын Шереметьево аэропортундагы иммиграциялык убактылуу кармоочу жайда отурган укук коргоочу Валентина Чупик Украинадан баш калка сурады. Бул тууралуу анын жардамчысы Александр Ким 30-сентябрда «Эркин Европа / Азаттык» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, укук коргоочунун өкүлдөрү Чупиктин атынан Украинанын Тышкы иштер министрлигине жана Москвадагы украин элчилигине баш калка сураган өтүнүчтү жолдошту. Азырынча украин бийлиги мындай өтүнүч боюнча комментарий бере элек.

Александр Ким билдиргендей, бейшемби күнү Валентина Чупикке өзбек консулдугунун кызматкерлери келип, укук коргоочуну сүрөткө тартып кеткен. Алар Чупикти Өзбекстанга алып кетүү үчүн документтер даярдалып жатканын айтышкан.

Буга чейин укук коргоочу эгер өзү төрөлгөн жана жарандык алган Өзбекстанга депортациялана турган болсо, ал жакта абакка кесилиши мүмкүндүгүн, керек болсо абакта өлтүрүлүшү мүмкүндүгүн айткан эле.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп келе жаткан Валентина Чупик өткөн ишембиге караган түнү Армениядан Москвага учуп келгенде кармалган. Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ал 17-сентябрда качкын макамынан ажыраганын жана ага Орусияга кирүүгө 30 жылга тыюу салынганын билдиришкен.

Укук коргоочу 2006-жылы Өзбекстандан качып чыгып, Орусияда качкын макамы менен жашап жүргөн.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь