Кечээ, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетти. Ал муну башка ишке өткөндүгү менен байланыштырды. Тагыраагы, Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп бараары белгилүү болду. Буга чейин Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банкты каалагандай калчап, өз билемдик менен башкарып келгени тууралуу маалыматтар айтылып келген. Күч органдары анын сары изин бир текшерип, анан жаңы кызматка узатып койбосо абал чатак. Дегенибиз, ЭВФдин кеңсеси АКШда эмеспи. Анан Абдыгулов кызматын шылтоолоп Америкага чыгып кеткен соң, бул жактагы былыктары ачылып калса, кайра аны алып келиш кыйын болуп калбайбы? Балким, АКШдан башпаанек алып алсачы? Бул жагын да ойлонуп коюш керек.

ЧЫНДЫК