-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Тилекмат Кудайберген уулу 27-абакка которулду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) №1 тергөө абагынан №27 түзөтүү колониясына которулду.

Бул тууралуу «Туран» партиясынын өкүлү Эрлан Бекчоро уулу «Азаттыкка» билдирди. Жаза аткаруу кызматы маалыматты ырастады.

Бишкектин Свердлов райондук соту 20-августта Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген.

Тилекмат Кудайберген уулу «Фейсбуктагы» баракчасындагы билдирүүсүндө «бийликти кулатууга чакырыктар бар» деген негиз менен 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келет. Ал «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын жетектеген, «Ханституцияга каршы» борборунда мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо «Туран» партиясын жетектеп чыккан. (КЕ)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь