Афганистандын министрлерине жолугушууга барган коопсуздук кеңешинин орун басары Таалатбек Масадыковго сын-пикирлер курчуду.

Дүйнөлүк коомчулук талибандарды тааныбай, алардын диний өкүмзордугун жерип жаткан чакта, чоң катачык кетиргенин сездиби? Кол кескен, адамдарды койдой мууздаган, аялдарды аёосуз басынткан мамлекет бизге өнөктөш эмес да, туурабы?

Айтор, Масадыковдун мээ кайыктыгы оңунан чыккан жок. Бийликтин аброюна шек келтирди. Анын талибандарга желпилдей жетип барганы үчүн шериктеш өлкөлөр арасында карама-каршылык жаралууда.

Тышкы саясатыбызды оңдой албай жатып, улам бир катачылыкты кетирүү кимге опо?

Кыскасы, калкыбыз кыйналып турганда Таалатбек Масалыков агы бир каран күндүн желаргысын баштап койду окшойт. Кыргыстанда терроризм, экстремизм коркунучу кылтыйып турганда аягы кандуу калабага себепчи болбойбу?

Ток этери, тийешелүү органдар Таалатбектин талуу жеринен кармап, ишмердигине баа бериши зарыл.

Булак: Азия News гезити