Соцтармактардан Райым Матраимовго ар кандай жалаа жабышып, акылга сыйбаган ушактарды урдургандар чыга калышат. Андай пенделер өздөрүнүн атын чыгарууга, же кимдир бирөөнүн буюртмасын аткарууга кызыкдар болушса керек. Эл ичинде “итибайлар” көп эмеспи. Бирок, Райым мырза эч кимисине теңелбей, темирдей эрки, духунун күчтүүлүгү менен өзгөчөлөнүп келет. Ар дайым жаратмандык, жакшылык жасоо менен алектенген каарманыбызды эмнеге каралашат? Себеби, кырчаңгылар алдыга озгонду көрө алышпайт, ошон үчүн өнүкпөй жатабыз да. Тескерисинче, Райым Матраимовдун тажрыйбасын пайдаланып, мамлекет үчүн иштетсек, каатчылыктан чыгып кетет элек… 

“Азия Ньюс” гезити