-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Медиа коомчулук ЖМК мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатат

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргызстандагы медиа өкүлдөрү маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатат.

Анда «Маалымат каражаттары тууралуу», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», «Телеберүү жана радиоберүүлөр тууралуу» жана «КТРК тууралуу» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт тарабынан түзүлгөн эксперттик топтун сунуштары каралып жатат.

Медиаэксперт Семетей Аманбеков анда «ЖМКлар жөнүндө» мыйзам күчүн жоготту деген билдирүүлөргө кошулбай айтып, медиа мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын иштелип чыгуусун мезгилсиз деп белгиледи:

«Биз бул каршы пикирибизди медиа мыйзамдарын өзгөртүүнү сунуштап, талкуулап жаткан эксперттик топко жибердик. Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандагы сөз эркиндигине шек келтирет. Бул мыйзамдарды журналистикадан алыс адамдар талкуулап, жокко чыгарууну сунуштап жатканы кейиштүү».

Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан «Маалымат каражаттары тууралуу», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилгени айтылууда. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, «Маалымат каражаттары тууралуу» жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» эки мыйзам бириктирилмекчи.

Демилгечи болуп жаткан министрлик бул мыйзамдар Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы редакциясына шайкеш келтирүү максатында өзгөртүлүүгө тийиш экенин билдирүүдө.

ЖМК жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт 13-сентябрда тегерек үстөл өткөргөн. Жыйынтыгында Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттик топко кыска мөөнөт ичинде өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды берүү тапшырылган. (ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь