-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Кутманова «Кумтөрдө» химиялык түзүлүштөрдүн каптары ар кайсы жерде көмүлгөнүн билдирди

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кумтөр кенинде калдыктар, химиялык түзүлүштөрдүн каптары, цианиддер ар кайсы жерде көмүлгөнүн экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Динара Кутманова Facebook баракчасына жазды.

Ал кендеги тазалоочу курулмалардын ар кайсы жерине таштандылар, химиялык түзүлүштөрдүн каптары, цианиддер, май чүпүрөктөр, машина тетиктеринин калдыктары (тралдар, экскаватор чакалары, тетиктер ж.б.) көмүлгөнүн билдирди.

«Кызматкерлердин айтымында, 25 унаа көмүлгөн. Алардын баарын табыш керек. 2012-жылы мөңгүлөрдө пайда болгон кара аскаларды көрүп нес болгом. Буга чейин мөңгүлөргө 1 млрд. тоннадан ашык таштандылар төгүлгөн. Ошондо бир таң калдым эле, азыр дагы кайрадан нес болуп отурам. «Центерраны» коргоп жаткандарга дагы кандай факты керек?» — деп жазган Кутманова.

Ошондой эле, ал укук коргоо органдары экологиялык мыйзам бузууларды аягына чейин чыгарып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, келтирилген зыяндын ордун токтоосуз толтурушу керектигин белгилеген.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия «Центерра Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Динара Кутманова.

Динара Кутманова.

Канадалык “Центерра Голд» компаниясы дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

«Центерра» 27-сентябрдагы Кумтөр кенин сактап калуу боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Анда «кыргыз өкмөтү кенди иштете албай кыйналып, тиешелүү талаптарды аткарбай, натыйжада кен талкаланып жок болуу коркунучунда турганын» билдирген.

«Кумтөр голд» компаниясы «Центерранын» бардык маалыматтарын четке кагып, алтын казуу жана иштетүү кадимки калыбында жүрүп жатканын кабарлаган.(КЕ)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь