Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 252 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 249, Алматы шаарында – 510, Шымкент шаарында – 126, Акмоло облусунда – 45, Актөбе облусунда – 141, Алматы облусунда – 212, Атырау облусунда – 69, Чыгыш-Казакстан облусунда – 147, Жамбыл облусунда – 55, Батыш-Казакстан облусунда – 77, Караганда облусунда – 170, Костанай облусунда – 106, Кызылорда облусунда – 57, Мангистау облусунда – 16, Павлодар облусунда – 136, Түндүк-Казакстан облусунда – 78, Түркстан облусунда – 58 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 884 миң 886 адам коронавирус жуктурган.