-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Бишкекте журналист Бабырбек Жээнбековду эскерип жатышат

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бишкекте журналист, мурдагы аткаминер Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ал көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. Маркумдун жакындары, кесиптештери, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер, журналисттер катышкан эскерүүдө Бабырбек Жээнбеков атындагы фонд түзүлөрү айтылды.

Фонд укуктук жактан артыкчылык көргөзгөн журналисттерге анын атындагы сыйлыкты жыл сайын тапшырып турат. Мындан сырткары өзү туулуп өскөн Талас облусунун Манас районунун Арал айылындагы бир көчөгө Бабырбек Жээнбековдун атын берүү сунушу демилгеленди. Андай кайрылуу тийиштүү мекемелерге жөнөтүлгөн.

Бабырбек Жээнбеков 2019-жылы, 22-мартта 68 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.

Жээнбеков эмгек жолун 1967-1968-жылдары Талас облусунун Киров районундагы мектептен баштаган. Ал «Алиби» жана башка бир нече гезиттерди негиздеген. 2013-жылы кыргыз өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө боюнча агенттикти жеттектеген. (КЕ)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь