-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Беларус: КГБнын огунан өлгөн адам АКШдагы фирманын кызматкери болгон

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Эки күн мурда Минскидеги батиринде беларус коопсуздук күчтөрүнүн огунан каза тапкан адам АКШдагы EPAM Systems IT компаниясынын кызматкери болгон. Мындай маалыматты компания Reuters жаңылыктар агенттигине жөнөткөн катында ырастады. Бирок EPAM Systems бул кызматкеринин америкалык паспорту болгонун же болбогонун тактаган жок.

«Бул адамдын аты расмий булактарда аталбаса да, биз маалымат каражаттарында сөз болгон киши EPAM компаниясынын кызматкери экенин ырастайбыз», — деп айтылган билдирүүдө.

28-сентябрда Беларустун Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) «террорчу» деп мүнөздөлгөн 31 жаштагы адам атып өлтүрүлгөнүн, анын аялы кармалганын билдирген. Беларус бийлиги «террорчу» деген терминди өлкөнүн узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун режимине каршы чыккан демонстранттарды жана оппозиция өкүлдөрүн мүнөздөө үчүн колдонуп келет.

Коопсуздук кызматы атып өлтүрүлгөн киши коопсуздук кызматкерлерине ок чыгарганын, андан бир офицер мерт болгонун билдирген. Бирок офицерлерге ок атылганы тууралуу беларус бийлигинин айткандарын көз карандысыз башка булактар ырасташа элек.

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановскаянын кеңешчиси Франак Вякорка КГБнын колунан каза тапкан адамды Андрей Зельцар деп атап, ал EPAM компаниясынын кызматкери жана АКШ жараны болгонун билдирген.

Зельцердин «Инстаграм», «Фейсбуктагы» баракчаларынан анын фехтование менен машыгып, жарыштарга катышып жүргөнүн көрүүгө болот. Былтыр Беларустагы шайлоодон кийин нааразылыкка чыккандарды коргоп пост жазган.

АКШнын Беларустагы элчиси Жули Фишер Вашингтон Минскидеги бул окуяга Америка жараны аралашып, аралашпаганы жөнүндө кошумча маалымат топтоп жатканын билдирген.

Беларуста былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин Лукашенконун бийлигине каршы акциялар токтобой келет.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь