-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

YouTube орусиялык медиа мекеменин немис тилдүү эки каналын өчүрдү

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

YouTube платформасы орусиялык RT (Russia Today) медиа мекемесине таандык болгон немис тилдүү эки каналды өчүрүп, Москванын кыжырына тийди. Бул тууралуу RT DE каналын иштетип келген Динара Токтосунова 28-cентябрда телеграм-каналы аркылуу билдирди.

YouTube’га ээлик кылган Google компаниясы билдирүү жасап, эки канал COVID-19 жана вакциналар тууралуу туура эмес маалымат таратып келгенин жүйө келтирди. Google буга чейин RT DE каналынын видеону жарыялоо укугун чектеп, эскертүү берип келген.

RT DE каналы ал чектөөнү айланып өтүп, Der Fehlende Part канал аркылуу видеону чыгарууга аракеттенгенде, Google эки каналды тең өчүргөн.

YouTube’дун өкүлү Deutsche Welle’ге берген маегинде, “платформага жергиликтүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары же Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген маалыматка каршы келген маалыматты жайгаштырууга тыюу салынат” деп билдирген.

RT’нын башкы редактору Маргарита Симонян YouTube’дун мындай чечимин сынга алып, Орусиянын өкмөтүн немис маалымат каражаттарынын ишмердигине тыюу салууга чакырган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тийиштүү мамлекеттик органдарга YouTube’га жана башка германиялык медиа мекемелерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь