-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

COVID-19: Өзбекстан 12 жаштан тарта эмдөөгө уруксат берди

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Өзбекстанда өспүрүмдөргө 12 жаштан тарта өз эрки менен Pfizer вакцинасын сайдырууга уруксат берилди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин, Улуттук техникалык иммунологиялык экспертизанын токтому чыкты.

28-сентябрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасын сайдырган 12-15-жаштагы өспүрүмдөргө жасалган клиникалык сыноо жакшы натыйжа бергенин билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы 12 жаштан тарта Pfizer вакцинасын сайдырса болорун сунуш кылган.

13-сентябрда Өзбекстанга 1 миллион 200 миң доза АКШ-Германия чыгарган Pfizer/BioNTech компаниясынын вакцинасы келип түшкөн.

Бул өлкөдө 1-апрелден тарта Орусиянын «Спутник V» жана Кытайдын вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Ошондой эле AstraZeneca, Moderna жана Pfizer/BioNTech сайдырса да болот. Коңшу өлкөнүн калкынын 11% чукулу эмделди.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь