Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын экинчи турунда “ПСЖ” командасы “Манчестер Сити” менен оюн өткөрдү.

Беттеш 2:0 эсебинде франциялык команданын жеңиши менен аяктады.

Оюндун 8-мүнөтүндө Гейе гол киргизсе, 74-мүнөттө Лионель Месси “ПСЖ” командасынын катарындагы алгачкы голун жаратты.

Учурда “ПСЖ” 4 упайы менен тайпада биринчи орунда, “Манчестер Сити” 3 упай топтоп үчүнчү орунда келе жатат.

Эскерте кетсек, аргентиналык футболчу Лионель Месси 2021-жылдын жай мезгилинде “Барселона” клубунан “ПСЖ” командасына өткөн.