-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Мурдагы вице-премьер Алмазбек Баатырбековдун соту жылды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Кумтөр иши» боюнча айыпталып жаткан мурдагы депутат Алмазбек Баатырбековдун иши каралбай калды. Буга айыпталуучунун адвокаты менен мамлекеттик айыптоочу сотко келбей калганы себеп болду.

Натыйжада соттук териштирүү 12-октябрга жылды.

«Кумтөр иши» боюнча айыпталып жаткан мурдагы депутаттар Алмазбек Баатырбеков менен Исхак Пирматовдун соту 1-сентябрда башталган. Биринчи май райондук соту Исхак Пирматовду «Коррупция» беренеси боюнча айыптап, 300 миң сомдук доого жыккан чечим чыгарган.

«Кумтөр иши» боюнча он беш чакты адамга кылмыш иши козголгон. Алардын айрымдары абакка камалган. Кээ бирлери саламаттыгына байланыштуу, кээ бирөө тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган.

Алмазбек Батырбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон. 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетин, 2013-2015-жылдары Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеген. 2020-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.

2021-жылы 9-июнда УКМКда сурак бергенден кийин камакка алынган. (ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь