0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Маратбек Акимбеков ОшТВнын башкы директору болуп дайындалды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Маратбек Акимбеков ОшТВ телеканалына башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Акимбеков өзү тастыктады. Жаңы жетекчини Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы 29-сентябрда жалпы жамаатка тааныштырды.

Маратбек Акимбеков эмгек жолун ОшТВда кабарчы болуп баштаган. Буга чейин «7-канал», «Ош пирим» «Т-Медиа» каналында, «Ынтымак» медиада жана «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы болуп иштеген.

Телеканалды буга чейин Керимбек Калыкулов жетектеген.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Аны 90-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, кыргыз тилинде иштеп баштаган. Учурда телекомпания мамлекетке таандык жана Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан башкарылат. (КЕ)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь