-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Депутаттар экологияга көңүл бурууну талап кылды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-сентябрдагы отурумунда айрым депутаттар бийликти экологияга көңүл бурууга чакырды. КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Дастан Бекешев Бишкектеги ботаникалык бакка көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.

«Ботаникалык бак бир нече ирет күйдү. Аны бирөөлөр атайын өрттөп жатканы көрүнүп турат. Эки күн мурун Бишкекти кандай чаң каптаганын баарыбыз көрдүк. Эгер ботаникалык бак жок болсо, бизде дем алууга аба жетпей калат».

Бекешев өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн Бишкектеги ботаникалык бакты сактап калуу үчүн көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.

Дагы бир депутат Айбек Осмонов Ош шаарынын четинде кытайлык ишкерлердин арматура чыгарган заводу экологиялык талаптарга баш ийбей, абаны булгап жатканына нааразылыгын айтты.

«Бизге заводго жакын жашаган эл бир нече жолу кайрылды. Айылды түтүн каптап, дем алууга мүмкүн эместигин айтып жатышат. Өкмөттүн өкүлү ушул маселеге да көңүл буруп коюңуздар»,-деди депутат Айбек Осмонов.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality индексинин эсебинде, Бишкек 2020-жылдын ноябрынан тартып дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын биринчи сабына чыккан.(ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь