ИИМдин мурдагы орун басары, экс-депутат Курсан Асанов бийликти басып алууга шек саналып камалган. Мунун алдында интернетке Асанов жана Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Текст менен коштолгон ал материал социалдык тармактарда “бийликти курал менен басып алуу боюнча сүйлөшүүлөр” деп чыккан.

Ал тапта бул иш боюнча камакка алынган Курсан Асановдун адвокаты кылмыш ишин козгоого жол ачкан аудиожазууну экспертизадан өткөрүүгө өтүнүч берди. Кыргызстанда жашыруун жазылган аудио аркылуу саясатчылар камакка алынып соттолгон окуялар бар. Анын мыйзамдуулугу дайыма талаш жаратат.

Курсан Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова тергөөгө ал аудиожазууну экспертизадан өткөрүү тууралуу өтүнүч берилгенин кабарлады.

“Аудиодогу кээ бир сөздөр такыр эле Курсан Асановдуку эмес. Айрымдары контексттен суурулуп алынган. Ошону экспертизадан өткөргүлө деп өтүнүч бергенбиз. Эгерде экспертиза туура чыкса, аудио монтаж экени аныкталат. Биринчи аудиодогу “курал-жарак, Жанар Акаев” деген сөздөр 2020-жылы 6-октябрда жазылган болушу мүмкүн. Ал эми Алмаз Сарыбаев менен болгон сүйлөшүү быйыл августтун ортолорунда болгон экен. Анда “шайлоого кимдер менен барабыз, чогуу баралы” деген эле сөз айтылган экен”.