-2.9 C
Бишкек
Суббота, 22 января, 2022

Бөкөнтаев Убактылуу өкмөт ага жок жерден кылмыш ишин козгогонун айтты

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Улуттук банктын төрагалыгына талапкерлиги сунушталып жаткан Кубанычбек Бөкөнтаев 2010-жылы өзүнө карата козголгон кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берди. Ал депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, апрель окуясынан кийин «Өнүктүрүү фондунда 220 млн. сом бар» деп элге ачык жарыя кылганы үчүн Убактылуу өкмөттүн куугунтугуна кабылганын айтты:

«Апрель окуясына чейин мен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштегем. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт бардык акча таланып-тонолгонун, анын ичинде Өнүктүрүү фондунда да акча жоктугун жарыялаган. Мен банк тармагына жооптуу болгондуктан, чыныгы кырдаалды билет элем. Ошондуктан, маалымат жыйынын уюштуруп, мамлекеттик бюджетте бир нече миллиард сом, ал эми фонддо 220 млн. доллар бар экенин ачык айткам. Ошондон кийин мени кызматтан алып, прокуратура коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал жерде кылмышты мен эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кылган. Алар өздөрү банк ячейкаларынан бир нече миллиард долларды алып, жок кылышкан».

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы 28-апрелде кызматтан бошотулган. Башкы прокуратура Улуттук банктын жетекчилигин «АзияУниверсалБанктын» ячейкаларынан 3 млрд. сом жоголгону үчүн айыптаган.

Бөкөнтаев ошондой эле «Ысык-Көл инвест» банкын басып алууга жана орусиялык насыя акча — 220 млн. доллар уурдоого айыпталган.

2010-2012-жылдары Депозиттерди коргоо агенттигин, 2016-жылдан тартып «Мамлекеттик лотерея компаниясын» жетектеген.

Ушул тапта парламент Улуттук банктын төрагалыгына талапкер — Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу президенттин сунушун карап жатат. Мамлекет башчынын сунушун депутаттарга өкүл Анарбек Калматов тааныштырды.(ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь