0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Бишкекте радио жыштыктар 1,9 млрд. сомдон ашык каражатка сатылды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

23-сентябрдан 27-сентябрга чейин уланган аукциондо Бишкек шаарынын аймагындагы 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү радиожыштык сатылды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Үч лот менен өткөн аукциондо жыштыктар «Альфа-Телеком», «НУР Телеком», Sky Mobile операторлоруна жалпы суммасы 1 миллиард 9 миллион 420 миң 800 сомго сатылды.

Бул радиожыштыкты колдонуу лицензиясы 1998-жылы «Ала-ТВ» компаниясына берилип, Бикшекке эфирдик-кабелдик телекөрсөтүү тармагы орнотулган.

2020-жылы май айында Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери, «Ала-ТВ» компаниясынын өкүлү бар.

Камакка алынган беш кишинин дагы бири — агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованын орун басары. Черногубованын өзүн УКМК жана Аскер прокуратурасы 2020-жылдын 12-майында камакка алган.

Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Ушул эле жылдын июнь айында ошол кездеги премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев жыштык чыры үчүн кызматынан кеткен. (BCh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь