0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Беларустун коопсуздук комитети кызматкерине ок тийип өлгөнүн билдирди

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

28-сентябрда Минск шаарында атайын операция маалында Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкери жана карапайым жаран өлтүрүлдү.

Коопсуздук комитети билдиргендей, кызматкерлер «террористтик иштерга аралашкан адамдарды издеп, тургундардын үй-жайын текшерип жүргөндө, батирлердин биринен өтө коркунучтуу адам кызматкерлерге ок аткан». Кызматкерлер ага каршы ок чыгарышкан.

«Азаттыктын» беларус кызматы «Еврорадиого» шилтеме берип, ок чыгарган киши EPAM Systems компаниясынын кызматкери Андрей Зельцер болушу мүмкүн экенин жазды. Компаниянын атын атабаган өкүлү ушундай ысымы бар кызматкер иштерин бышыктады.

Зельцердин «Инстаграм», «Фейсбуктагы» баракчаларынан анын фехтование менен машыгып, жарыштарга катышып жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле, анын курал кармап түшкөн сүрөттөрү да бар. Былтыр Беларустагы шайлоодон кийин нааразалыкка чыккандарды коргоп пост жазган.

Бир катар маалымат каражаттары батирде эмне болгону тартылган видеону да чыгарышты. Видео эки камера менен тартылып, бири Зельцердин батиринде коюлгандай көрүнөт.

Беларустун тергөө комитети кызматтык милдетин аткарып жүргөндө киши колдуу болду деген негизде кылмыш ишин ачты.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь