-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Америкалык ырчы 11 кишиге жыныстык зомбулук көрсөткөн деп айыпталды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Америкалык белгилүү ырчы R.Kelly жыныстык зомбулук көрсөткөнү үчүн айыптуу деп табылды. Ал 20 жыл бою 11 кишини, арасында балдарды зордуктаганы айтылууда.

27-сентябрда АКШнын Бруклин федералдык сотундагы отурумда сот арачылары 54 жаштагы Керриге коюлган айыпты бир добуштан колдошту.

Ага карата өкүм 2022-жылдын май айында окулат деп күтүлүүдө. Ырчы узак мөөнөткө түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Алты аптага созулган сот жараянында 11 аял жана эки эркек күбө катары көрсөтмө берип, Келлинин зордукчул аракеттерин айтышты. Прокурорлордун белгилешинче, Келли адамдарды «шоу-бизнескте карьера түзүп берем» деп, зордуктаган.

Ал 13 жыл мурун балдар порнографиясына байланыштуу кылмыштын алкагында соттолуп, бирок далилдер жетишпегендиктен акталган эле.

R.Kelly деген каймана ысым менен таанылган ырчынын чыныгы аты-жөнү Роберт Сильвестр Келли. Үч ирет абройлуу Грэмми сыйлыгын алган.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь