-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Нарын шаарынын мэри кызматтан кетерин жарыялады

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков «Фейсбуктагы» баракчасына ээлеген кызмат ордунан кетип жатканын 28-сентябрда жарыялады.

«Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Аз болсо да, үч ай ичинде болгон күч аракетимди Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм», — деп жазды ал.

Болотбеков “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган” деп тергелип жаткан иштин алкагында 18-сентябрда шектүү катары камакка алынган.

20-сентябрда Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулган.

Болотбеков Нарын шаарына мэр болуп быйыл июнь айында дайындалган. (BCh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь