Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 2-октябрда мекенине кайтып барарын билдирди. Бул күнү Грузияда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Учурда Украинада жашап жаткан Саакашвили Грузияда өзүнө каршы кылмыш иштери ачылганына карабай Тбилисиге учуп бара турганын “Фейсбукка” жарыялаган видеосунда белгиледи.

“Грузиянын тагдыры чечилип жатат. Грузиянын келечеги сыноо алдында турат. Ошондуктан мен силер менен бирге болуу, силердин [саясий] эркиңерди коргоо жана Грузияны коргоого аралашуу үчүн 2-октябрдын кечине билет алдым”, – деди Саакашвили.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили эгер Саакашвили кайтып келсе, ал дароо камакка алынарын эскертти.

“Саакашвилинин буту биздин жерге тиери менен ал кармалат жана түрмөгө жөнөтүлөт”, – деди Гарибашвили.

Саакашвили президент болуп турганда “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” жана “парламенттеги оппозициячыл депутаттын сабалганын жаап-жашырган” деп айыпталып, 2018-жылдын июнь айында алты жылга сыртынан түрмөгө кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Грузияда өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон бери бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы менен Саакашвили колдоо көрсөткөн оппозициянын ортосунда чыңалуу өкүм сүрүп келет. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

53 жаштагы Саакашвили 2013-жылы грузин президенттигинен кетип, “Евромайдан” окуяларынан кийин Украинага келген жана бир нече убакытка чейин Одесса облусунун губернатору болуп иштеген.