Баясов Нурадил Мирбекович КРнын инвестициялар министринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу “Чындык” агенттигине КР Инвестициялар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка КР президенти Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, мындан мурда Алмамбет Шыкмаматов берген арызына ылайык, КР инвестициялар министри кызматынан бошотулган.

Нурадил Баясов 2021-жылдын сентябрынан бери венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинде кыргыз тараптын өкүлү.

Нурадил Баясов келечектүү жаш адистердин бири катары министр статусунда Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигин татыктуу жетектейт деп ишенебиз.