Суббота, Сентябрь 18, 2021
ДомойАаламдаИИМ саясатчыларды кармап суракка алды

ИИМ саясатчыларды кармап суракка алды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн» деген шек менен камалды. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов Ички иштер министрлигине сурак бергени кирип, Сулайманов сурак берип чыкты. Чүй облусунун мурдагы башчысы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов да ИИМге жеткирилди.

Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Жанар Акаев.

Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Жанар Акаев.

Курсан Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев дагы кармалган. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен орган кызматкерлери Сарыбаевди колуна кишен салып, машинеге отургузуп алып кетишкенин айтты.

Депутат Жанар Акаев анын аты аталып жаткан аудиодо айтылгандарды «каралоо» деп билдирди. Алтынбек Сулайманов президенттин атына жазылган айрым маданият ишмерлеринин кайрылуусунан улам чакырылганын айтса, Туйгуналы Абдраимов микрофон сунган журналисттерге «беренеде айтылгандар чындыкка дал келбейт» деп жооп берди.

Депутат Бакытбек Жетигенов суракка кирип чыкканы маалым болду. «Азаттыктын» кабарчысынын билдиришинче, Ички иштер министрлигинин алдына Туйгуналы Абдраимовдун жактоочулары келди.

Саясатчылардын камалып, суракка чакырылуусу тууралуу «Азаттыктын» талкуусу:

«Фейк маалыматтан кийин чакырылды»

ИИМ Курсан Асанов 14-сентябрда Жазык кодексинин 309-беренеси (“бийликти күч менен басып алуу аракети”) менен сотко чейинки териштирүүнүн негизинде камалганын маалымдады. Билдирүүдө ал “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деп айтылат.

Асановдун адвокаттарынын бири Икрамидин Айткулов милициянын материалдарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Жанар Акаевдин дагы аты бар экенин билдирди.

Тактап айтканда, ИИМдин Тергөө кызматынын Асановдун үйүн тинтүү тууралуу токтомунда «ИИМдин Тергөө кызматына 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга байланыштуу материалдар келип түшкөн, аны иликтөөнүн жүрүшүндө А.Атамбаев, К. Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана башкалар ок атуучу курал-жарактарды колдонуу менен Конституцияны бузуп, бийликти күч менен басып алууга аракеттенип жүргөнү аныкталды» деп жазылган.

ИИМ азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.

Анын алдында адвокат Таалайгүл Токтакунова Асанов милицияга суракка “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу күбө катары чакырылгандан кийин кармалганын “Азаттыкка” билдирген. Ал аудио монтаждалып, жасалмаланганын айткан.

«Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн «Фейсбукта» жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби, контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да жаап коюшту».

Курсан Асанов менен сүйлөшкөн деген адам экономист Айылчы Сарыбаевдин уулу экени белгилүү болду. Ал президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Асановдун штабында иштеген.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына бүгүн, 15-сентябрь саат 17:30га суракка чакырылган. ИИМдин имаратына Жанар Акаев менен эл өкүлү Алтынбек Сулайманов сурак берүү үчүн кирип кетти. Сулайманов президенттин атына жазылган айрым маданият ишмерлеринин кайрылуусу боюнча чакырылганын билдирди.

Ага чейин Жанар Акаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу өзүнүн аты аталган аудиого байланыштуу видеокайрылуу жасагпн. Анда бийликти күч менен басып алууга даярданып жүрөт деген маалыматтарды каралоо, опузалоо аракети катары сыпаттаган.

Жанар Акаев.

Жанар Акаев.

«Курсан Асанов көчөдөбү, кафедеги бейтааныш адам менен сүйлөшүп, ал жерге «Жанар» деген сөздү эптеп алып келип чаптап, «ушулар тополоң уюштурганга аракет кылып жатат» дегендей калп маалымат таратканы өкүндүрөт. Калп, жалган сөз мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып, бул нормага айланып баратканы кейиштүү. Экинчиден, бул күлкүлүү, анткени жанагы сапатсыз аудиого 1-класстын окуучусу дагы ишенбейт. Мен эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен «бийликти күч менен басып алабыз, массалык башаламандык уюштурабыз» дегендей сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмесмин. Экинчиден, Курсан Асанов менен жаңылбасам, февраль айларында куран окуткан жерде жолуккан болушум керек. Ошондон бери Курсан Асановго телефон дагы чалган эмесмин, же бир жолугуп шайлоо же, саясий максаттарды дагы сүйлөшкөн эмесмин. Буга кымындай дагы далил жок. Бирок ошого карабастан «Асанов, Атамбаев жана Акаев бийликти басып алууга аракет көрүп жатат» деген абдан негизсиз, акылга сыйбаган нерсе, карандай куру доомат. Мен эмне үчүн бийликти басып алышым керек, эгер мен өзүм бийликтин бир бутагында отурсам. Өзүмдүн кабинетимди барып өзүм басып аламбы? Абдан таң калычтуу, акылга сыйгыс көрүнүш болуп жатат. Каралоо аракети болсо, бир саясатчылардын кафедеги эле сөзү үчүн айыпка жыгабыз деген аракет болсо бул анда азыркы бийликтин өтө чоң жаңылыштыгы жана катачылыгы. Буга чейин деле мындай жол менен барабыз деген бийликтин аягы жакшы бүткөн эмес».

Ал арада мамлекеттик ЭлТР телеканалы «Пезидент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү» деген атайын материал көрсөттү. Анда маданият ишмерлерин кол койду деген кагазда «Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева аттуу жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү жүз миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маалымат беришти. Аны колдогон беш-алты бала курал-жарак чогултуп жаткан имиш. Ошондуктан биз сизге кайрылуубузга туура келди. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, 80% кыргыз эли сегиз ай мурда эле сизге өз тагдырын, мамлекетибиздин тагдырын ишенип, добуштарын берди. Анткени сиз бир тамчы кан төкпөстөн, курал колдонбостон, Конституциянын талаасында, мыйзам жолу менен бийликти тынч алмаштыра алдыңыз» деп жазылган.

Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, генерал Исмаил Исаков бул кайрылууга байланыштуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Анда кайрылууну жазгандардын артында кимдер жана кандай кызыкчылыктар турганын аныктап, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу талабы коюлганын Исаков «Азаттыкка» билдирди.

Исмаил Исаков.

Исмаил Исаков.

«Бийликтин суранычы менен бир топ аялдарды чогултуп Садыр мырзага (Кыргызстандын президенти — ред.) кайрылуу жасатыптыр. Ыплас, чындыкка жатпаган, адамдын оюна келбеген нерселерди жазган экен. Элди коркутуп, дүрбөтүп, туристтерди качырып, мамлекеттин экономикасына чоң залалын тийгизген адамдарга иш козгогула деген талап менен Камчы мырзага кайрылуу жаздым. Ал сөзсүз чечим чыгарыш керек. Алардын бардыгын сурап, артында ким турат, ким түрткү берди, ким Кыргызстандын стабилдүүлүгүн бузганга аракет кылып жатат, баарын тактап маалымат бериш керек», — деди экс-депутат.

Эк-депутат Жылдыз Жолдошева кайрылуунун демилгечилери, авторлору аныкталып, алардын аракеттерине укуктук баары берилиши керектигин билдирди.

«Биз муну ким, кайсы күч жасаганын билбейбиз. Бул жерде ким буйрук бергени аныкталышы керек. Болгондо дагы маданият кызматкерлерин, 60-70 жашка чыгып калган аялдардын атын колдонуп, ушундай кайрылууну ким жөнөткөнү аныкталышы керек. Бул деген өтө катуу айыптоо. Биз эмес, керек болсо бийлик азыр 100 миң кишини чыгара албайт. Эгер бийлик өзү бул ишке аралашпаган болсо бийлик ушундай акылга сыйбаган, маданият тармагында иштеген инсандардын атын колдонуп кайрылуу жасаган кайсы күч экенин аныктоого ынтызар болушу керек. Ошону табышы керек. Эгер муну бийлик өзү жасаса анда мурунку бийликтин жолоюна бирин калтырбай түшүп келе жаткан болот».

Кайрылууда кол койду деген тизменин сап башында турган Маданияттын мыкты кызматкери Сонунбүбү Кадырова жергиликтүү маалымат каражаттарына кайрылуунун мазмуну бурмаланганын айтып чыкты.

Эл акыны Меңди Мамазаирова митингге каршы деген кайрылууга макул болгонун, бирок анда аты жазылган адамдар тууралуу билбегенин жазды. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына «Сонунбүбү Кадырова эки-үч күн мурда мага чалып: «Эже, Туйгуналы Абдыраимов ызы-чуу уюштурмакчы болуп жатыптыр, кат жаздык, кол коюп бересизби» деди. Мен коомдогу ызы-чуудан тажагандыктан, макул дегем, бирок, кол коюп берген эмесмин. Катты көргөн да эмесмин. Ал эми каттагы белгиленген инсандар мен сыйлаган инсандар. Алар тууралуу мен жаман пикир айтышым мүмкүн эмес. Жылдыз Жолдошова, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Курсан Асановдор тууралуу мен тескери пикир билдиришим да мүмкүн эмес. Менин атымды мен көрбөгөн, мен кол койбогон каттарга пайдалана беришкени туура эмес» деген билдирүү калтырды.

Садыр Жапаровго Ысык-Көлдөн «Ахмед Ата» коомдук кайрымдуулук фондунан дагы кайрылуу түшкөн. Анын негиздөөчүсү Таалайгүл Мамаева аны мамлекет башчыны колдоо аракети катары сыпаттады.

«17-сентябрда митинг болот деп уктук. Азыр Садыр Жапаровдун колуна кол, бутуна бут болушубуз керек. Кыргызстанды жакшы жакка алып кетсе экен. Муну Садыр Жапаров гана алып кете алат, башка киши алып кете албайт. Анткени, биз 30 жылда көрдүк да. Бул кишинин көп нерсесине мен кол көтөрө алам».

Курсан Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып келатат.

Ал иштер боюнча Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында маалымат берген.

Мекеме билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Быйыл январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене менен да төртүнчү айып тагылган.

Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.

Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген.

Буга чейинки бийликтердин тушунда дагы бир катар саясатчыларга «бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган» деген айып менен кылмыш иштери козголуп, камалган. Алардын арасында азыркы президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов дагы болгон.

RELATED ARTICLES

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

- Advertisment -

Most Popular

Recent Comments