Суббота, Сентябрь 18, 2021
ДомойАаламдаДепутаттар Акаев менен Сулайманов ИИМге сурак бергени кирди

Депутаттар Акаев менен Сулайманов ИИМге сурак бергени кирди

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов Ички иштер министрлигине суракка кирип кетти.

Анын алдында депутат Жанар Акаев анын аты аталып жаткан аудиодо айтылгандарды каралоо деп атады. Ал эми Сулайманов президенттин атына жазылган айрым маданият ишмерлеринин кайрылуусу боюнча чакырылганын билдирди.

Буга чейин Акаев өзүнүн аты аталып жаткан аудио жөнүндө кайрылуу жасап, анда айтылгандарды карандай калп деп атаган. Ал “Фейсбуктагы” баракчасындагы видео кайрылуусунда бийликти басып алууга эч ким менен сүйлөшпөгөнүн жана муну “курулай каралоо” деген.

Интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанар Акаевдин аты аталган.

“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыпталып, кармалган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочуларынын бири Икрамидин Айткулов бул иште Асановдон башка дагы кишилер бар экенин айтып, тинтүү жөнүндө токтомду көрсөттү.

Асановдун үйүн тинтүү жөнүндөгү документ 14-сентябрда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестриндеги Жазык кодексинин 309-беренеси (“Бийликти күч менен басып алуу”) менен катталган. ИИМдин Тергөө кызматына бийликти күч менен басып алуу жөнүндө материал түшкөнү, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин аты аталат.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары Интернеттеги аудиону саясий каралоо экенин жазып жатышат. (TSh)

RELATED ARTICLES

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

- Advertisment -

Most Popular

Recent Comments