Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда ИИМге суракка киргенден бир нече саат өткөндөн кийин кармалды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Жактоочунун айтымында, Асановду суракка “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу чакырышкан.

Анын айтымында, ал бүгүн ИИМде сурактан соң кармалган.

‘Асанов камакка “Бийликти күч менен басып алуу” берененин негизинде алынып, Бишкек ШИИББдин тергөө абагына жайгаштырылды”,-деди ал.

Буга чейин анын адвокаты Октябрь окуялары боюнча ИИМде сурак берип жатканын билдирген.

Ал «Имараттарды басып алууга» айыпталууда.