Суббота, Сентябрь 18, 2021
ДомойКоомКурсан Асановго төртүнчү айып тагылды, адвокат анын камалганын билдирди

Курсан Асановго төртүнчү айып тагылды, адвокат анын камалганын билдирди

Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен айыпталып, кармалды. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Асанов “интернетте тарап жаткан «фейк» маалыматка” байланыштуу күбө катары ИИМге суракка чакырылган. Сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалган.

«Жазык кодексинин 309-«Бийликти күч менен басып алуу» деген беренеси. «Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр» деген «фейк» маалымат бүгүн «Фейсбукта» жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да, жаап коюшту», — деди ал.

ИИМ бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Бириктирилген иштер

Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып келатат.

Ал иштер боюнча Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында маалымат берген.

Мекеме билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган. Экинчиси, Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда.

Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген айып коюлган.

Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» берене боюнча да айып тагылган.

Октябрдагы кармоо жана үй камагы

Курсан Асанов былтыр Бишкекте октябрь окуяларындагы калайман башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоого катышкан жана жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган саясатчы добуш берүүнүн жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.

Кой-Таштагы «ийгиликсиз» операция

2019-жылы 7-августта суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын УКМКнын төрагасынын ошол кездеги башчысы Орозбек Опумбаев атайын даярдыктагы “Альфа” ыкчам тобунун аскерлери менен башкарган. Ал операциясы ийгиликсиз аяктап, командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, алты жоокер барымтада калган. 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта дагы уланып, аны Кашкар Жунушалиев башкарган Ички иштер министрлиги өткөргөн. Ал күнү Атамбаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго колго түшүп берген.

Кой-Таштагы окуядан кийин Асанов жумуштан бошотулуп, кылмыш иши козголгон. Ага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып коюлган. Саясатчы жана анын тарапкерлери бул иштерди саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

«Бул басып алуу болот»

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Курсан Асановго карата коюлган министрликти басып алуу деген айып тууралуу «Азаттыкка» буларды билдирген.

«Баарына бирдей баа бербеш керек. Курсан Асанов эч кандай буйругу жок барып ички иштер бөлүмүндө команда берип… Көрдүңүздөр го. Бул басып алуу болот. Эки-үч күндөн кийин жамааты чыгарып коюп жатат. Ошондуктан буга баа берилип, сурап жатат. Прокуратурага келип, отуруп алгандар боюнча тергөө жүрүп жатат, бирок алар барган, отурган, кайра чыгып кеткен. Ал эми Курсан Асанов буйругу жок эле команда берип, көптөгөн иштерди кылды. Бирок бул Асанов күнөөлүү, соту болот деген сөз эмес. Тергөөсү жүрсүн, эртең айыбын бекитүүгө келгенде биз ар бир факт боюнча карап чыгабыз», — деген.

Асанов 2010-жылдын июнь айынан сентябрына чейин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. 2010-2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2011-жылдан 2019-жылга чейин ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген.

2021-жылы 10-январда болгон кезексиз президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

RELATED ARTICLES

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

- Advertisment -

Most Popular

Recent Comments